10:06, 12 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери министрликке караштуу № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.
Кошумча маалымат берилет.