Камила Талиева: «Эки мамлекеттик кызматкерди, эки досту ушакчылар бөлүп, жарды»

11:33, 12 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Ушакчылар ​​эки жогорку мамлекеттик кызматкерди, эки досту, бири-биринен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда парламенттин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, алардын мамилесинин бузулушуна ушакчылар себепкер болушкан.

«Учурдагы саясий кырдаалга абдан тынчсызданган адамдар мага кайрылып жатышат. Бардык саясат парламентте жасалат, эл бизди карап турат. Бул эки дос өлкө үчүн чогуу көп иш жасашты, айрымдарына бул жаккан жок. Ошол эле вице-премьер-министр (Эдил Байсалов — 24-kg.com) бардык жерде чуркап, элди бирөөлөр бөлүп, жарып жаткандыгын айтып жатат. Эл бөлүнгөн жери жок. Тескеринче бийликтегилер бөлүп жатат. Мындайга жол берүүгө болбойт».

«Ушул күндөрү мен мырза депутаттардын биринин мамлекеттин эки лидерин элдештирүү үчүн айта турганын күтүп жаткам, бирок баары унчукпай турушту. Эмнегедир эрк жетишсиз болду. Бир гана Умбеталы Кыдыралиев айтып чыкты. Парламенттин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып, эки досту элдештирүү зарылдыгын талап кылалы», — деп белгиледи Камила Талиева.

Ал кесиптештери ушул күндөрү чуркап, кимдир бирөөнүн аркасынан бачак сайууга аракет кылышкандыгын айтып «Мен муну адилетсиз деп эсептейм. Төрага жакшы иштеди. Мен бөлүнүп, жарылууга эмес ынтымакка чакырам», — деп белгиледи депутат.