Жогорку Кеңештин депутаттык топтору жаңы төраганы шайлоо боюнча кеңешме өткөрүп жатышат. Бул максатта парламентте бир сааттык тыныгуу жарыяланды.
«Адилет Кыргызстан», «Ала-Тоо», «Ата Журт», «Мекенчил» жана «Элдик» депутаттык топтору өз жыйындарын башташты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен кызматтан кетти.


