2026-жылдын 3-февралында 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну М.М. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө «К» аттуу өзү дээрлик тааныбаган жаранга карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы аталган жаран ишенимге кирип, алдоо жолу менен 1 миллион 500 миң сом акчасын жана баасы 20 миң долларды түзгөн минивэн унаасын «кирпич алып келип берем» деп алып, андан соң байланышка чыкпай кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 2 миллион 388 миң 148 сом өлчөмүндө ири материалдык зыян келтирилген.
Учурда тергөө уланууда.


