Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

15:06, 12 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Орозбеков Адилет Орозбекович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.

Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Фото Президенттин басма сөз кызматы
Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2007-2009-жж. — КР УКК конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. — УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары — УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2012-2017-жж. — УКМКнын антитеррордук борборунун башкы эксперти;

2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;

2017-2019-жж. — Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;

2023-2024-жж. — президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.