16:26, 12 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин жактырды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат «макул», 5 эл өкүлү «каршы» добуш беришти.
Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына Марлен Маматалиев жалгыз талапкер болду.
Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
Билими:
1998–2002-жж. — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча бакалавр;
2002–2003-жж. — аталган университет, «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча магистр;
2009–2010-жж. — Кыргыз экономикалык университети, «Финансы жана кредит» адистиги;
2011-ж. — Civil Service College (Сингапур), «Адам ресурстарын башкаруу»;
2019–2023-жж. — И. Раззаков атындагы КМТУ, аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;
2024-ж. — Кыргыз экономикалык университети, докторантура (PhD), «Экономика» багыты;
2024-ж. — Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билим;
2024-ж. — РФ Президентине караштуу РАНХиГС, «Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери» программасы.
Эмгек жолу:
2003–2006-жж. — Социалдык фонддо маалыматтык системалар тармагында жетекчилик кызматтар;
2006–2008-жж. — Финансы министрлигинде маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2008-ж. — Финансы министринин жардамчысы;
2007–2009-жж. — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде бир катар жетекчилик кызматтар;
2009–2010-жж. — Өкмөт аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;
2010-ж. — «Ар-Намыс» партиясынын аппарат жетекчиси;
2011–2012-жж. — Экономикалык тескөө министрлигинде статс-катчы;
2012-ж. — Өкмөт аппаратынын реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;
2013–2016-жж. — «СУ-12» ЖАК башкармалыгынын төрагасы;
2016–2018-жж. — «Аллор Строй Сервис» ЖАК жана «Азия молл» соода борборунун башкы директору;
2018–2021-жж. — Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты;
2021-жылдан бери — Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаты, «Ынтымак» фракциясынын лидери, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
Сыйлыктары:
«КР Социалдык фондунун отличниги»;
«КР финансы-экономикалык кызматынын отличниги»;
«Соода-экономикалык иштин отличниги»;
КР Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары;
«ЖККУ парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн» медалы.
Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаарынын Самбо федерациясынын президенти.
Класстык чени — мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.