12:06
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 13-февралда Төө-Ашуу ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль күнү саат 03:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн бүркөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болуп, кар жаап жатат. Каттам бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кечээ саат 17:00до оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Түндүк—Түштүк альтернативдик жолунун 198-чакырымында болжол менен 07:30 чамасында кайра 1000 куб метр кар көчкү түшүп, жерине техникалар тартылууда. Учурда каттам убактылуу жабык.

Ошондой эле, Түндүк-Түштүк унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүнүн 243-296-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Каттам эки тараптуу жабык.

Кочкор—Арал—Төө-Ашуу унаа жолунун 135—160-чакырым аралыгында (Арал—Кызыл-Ой участкасы) жааган кардан улам түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылы үчүн каттам ачык.

Эң көп окулган жаңылыктар