Кыргызстан боюнча 206 мектеп директорлугуна конкурс жарыяланды

11:10, 13 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялады. Бул тууралуу министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 206 бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаары — 11,
  • Ош шаары — 8,
  • Чүй облусу — 21,
  • Нарын облусу — 10,
  • Ош облусу — 59,
  • Баткен облусу — 20,
  • Ысык-Көл облусу — 11,
  • Талас облусу — 9,
  • Жалал-Абад облусу — 54,
  • Мектеп-интернаттар — 3.