12:50, 13 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Талас облусунда «Бандит» рейди учурунда уюшкан кылмыштуу топтун тогуз мүчөсү милициянын көзөмөлүнө алынды. Алардын биринен баңгизат салынган пакет табылганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Талас облусунун аймагында жашап, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 9 жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө алынып келишти. Алардын манжа издери алынып, бети ачылбаган кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Талас районунун 1976-жылы туулган Ш.М. аттуу тургунуна карата профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлгөн. Ошол учурда кийип жүргөн күрмөсүнүн ички төш чөнтөгүнөн өңү сыя түстөгү салофанга оролгон баңгизатка окшош зат табылды.
Бул факт боюнча милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргүзүлүүдө.