13:17, 13 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн өлкөгө иш сапары менен келген Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту.
«Чек ара маселелерин чечүү — бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. Тажикстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын өзгөчө белгилегим келет. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракеттери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикалык жашоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-тажик байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган», — деди минкаб башчысы.
Адылбек Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнүн кошумчалады. Министрлер кабинетинин төрагасы эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.