14:05, 13 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому камсыздандыруу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропортторунун» басма сөз кызматы билдирди.
Документке «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюм» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кол коюшту.
Тараптар узак мөөнөттүү кызматташуунун шарттарын иштеп чыгып, негизги багыттар боюнча тиешелүү келишимдерди түзүүнү пландаштырууда.