Кыргыз балбандары Албаниядагы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Тизме

16:15, 13 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) экинчи рейтингдик турнири — Muhamet Malo мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында өтөт.

Кыргызстандык балбандар мелдеште күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашат: эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү.

Кыз-келиндер күрөшү:

  • 65 кг — Гульнура Таштанбекова
  • 68 кг — Мээрим Жуманазарова
  • 72 кг — Нурзат Нуртаева
  • 76 кг — Айпери Медет кызы

Эркин күрөш:

  • 57 кг — Абдымалик Карачов
  • 61 кг — Бекзат Алмаз уулу
  • 65 кг — Билал Шарип уулу, Осконбай Абдисаматов
  • 70 кг — Эрназар Акматалиев, Рустамжан Кахаров, Залкарбек Табалдиев
  • 74 кг — Орозобек Токтомамбетов, Адилет Акылбеков
  • 79 кг — Адилет Маратбаев
  • 92 кг — Яков Чаплин

Грек-рим күрөшү:

  • 55 кг — Улан Муратбек уулу
  • 60 кг — Курманбек Жапаров
  • 63 кг — Афтандил Таалайбек уулу
  • 67 кг — Баяман Каримов
  • 72 кг — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев
  • 77 кг — Илгиз Каныбеков
  • 82 кг — Ырыскелди Максатбек уулу
  • 87 кг — Асан Жанышов, Азат Салидинов