10:10, 16 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Ачык Европа Кубогунда алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу спорт журналисти Тахир Гафуров социалдык тармакта билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдештер 14-15-февраль күндөрү Словениянын борбору Любляна шаарында өттү.
Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.
Ал эми финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.
Эске салсак, Эрлан Шеров — дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин бүтүрүүчүсү жана 2023-жылдагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү.