19:50
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 27 миң айдоочу жол эрежесин бузду

9-февралдан 15-февралга чейин өлкө аймагында 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

  • -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 974;
  • -Мас абалында унаа башкаруу — 427;
  • -Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу −151;
  • -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 627;
  • -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 751;
  • -Авто ээнбаштык −22;
  • -Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 629;
  • -Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;
  • -Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 628;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар