Эл аралык олимпиада: Кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 2 күмүш,3 коло медаль утту

11:04, 16 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык окуучулар INFO1CUP эл аралык информатика олимпиадасында жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандан 8 окуучу катышып, 7 медаль жеңип алды. Ал эми бир катышуучу сертификатка ээ болду.

Агартуу министрлиги. Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан 7 медаль утту
Алтын медаль алгандар:

Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Рамазан Мананов — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби.

Күмүш медаль алгандар:

Саид Жаныкеев — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

Эмирхан Сыдыков — 8-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Коло медаль алгандар:

Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan;

Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect School;

Аруубек Баимырзаев — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи.

Катышкандыгы үчүн сертификат:

Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect School.

Белгилей кетсек, олимпиада 7-8-декабрь күндөрү Румыния мамлекети тарабынан өткөрүлгөн. Ага Армения, Азербайжан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израиль, Италия, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия жана Өзбекстандан жалпы 189 окуучу катышты.