U-23: Кыргызстан 2028-жылдага Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү

16:03, 16 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курама командалар арасындагы Азия Кубогун өткөрүү үчүн КФБ демилгеси алдында Азия футбол конфедерациясына (АФК) расмий түрдө талапкерлигин тапшырды. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдирди.

Бул мелдеш Азиядагы эң маанилүү турнирлердин бири болуп саналат жана ага континенттин 16 күчтүү улуттук курама командасы катышат. Турнирди Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аброюн жогорулатууга жана жаштар арасында футболду кеңири жайылтууга чоң салым кошот.

Фото Кыргыз футбол биримдиги. U-23: Кыргызстан 2028-жылдага Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү

Талапкерлик алкагында КФБ эл аралык талаптарга жооп берген стадиондорду, машыгуу аянтчаларын, мейманкана инфраструктурасын жана транспорттук логистиканы камтыган комплекстүү концепцияны сунуштады. Өтүнмө АФКнын бардык регламенттик талаптарына ылайык даярдалды.

2028-жылдагы турнирди өткөрүүгө ошондой эле Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан да талапкерлигин көрсөтүштү.

АФК өкүлдөрүнүн инфраструктураны жана өлкөнүн даярдыгын баалоо боюнча инспекциялык сапары 2—6-март күндөрүнө пландалган. Инспекциянын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде турнирди кабыл алуучу өлкө боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Кыргыз футбол биримдиги U23 Азия Кубогун өткөрүүнү улуттук футболду өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам катары карайт жана жаш футболчулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган иш-аракеттерди улантат.