Бүгүн, 17-февралда Жеңиш конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушундагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу «Жеңиш» суу топтомосунда авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


