10:41
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Нарын райондук администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кендеги алтын бөлүп алуу фабрикасы 2024-жылдын октябрь айында сыноо иретинде иштей баштаган. Объект жылына 600 миң тонна руданы кайра иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө ылайыкташтырылган. Долбоорго инвестиция 12 миллиард сомго бааланат.

Солтон-Сары алтын кени Бишкектен 355 чакырым алыстыкта, Нарын облусунда, Капка-Таш кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Кен үч участоктон турат: Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр. Акыркысын «Кыргызалтын» ААК иштетип жатат. Бул кендин болжолдонгон алтын запастары 20-22 тоннага жакын.

Эске салсак, «Zhong Ji Mining» компаниясы Бучук кенинде иштөө укугун 2009-жылы алган. 2011-жылдан бери жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы нааразычылык акцияларын өткөрүп келишет. Алардын айтымында, бул айлана-чөйрөгө зыян келтирип, мөңгүлөрдүн эришине алып келиши мүмкүн. Ушул себептен улам, компания 2019-жылы кендеги курулушту токтоткон. Кийинчерээк жумуш кайра жанданган.

Эң көп окулган жаңылыктар