17:19
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Кыргызстандын негизги ашууларында кар жаап жатат: Жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 17- февраль, эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз —Талас — Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек — Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп —Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.

Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар