Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Баткен таңы» гезитинин редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу саясатынын алкагында мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган.
Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча иштер уланып жатканын баса белгиледи.


