13:44, 17 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган унаа жолдун 291-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайына түшкөн.
Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.
Кар көчкүнүн так көлөмү аныкталууда. Жеринде № 41 Жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.