Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт. Бул тууралуу Конситуциялык сот президенттик мөөнөт боюнча чечиминде так айтылды.
2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү жоболору жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболору менен системалуу өз ара байланышта 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 67-беренесине, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 72-беренесинин 1-бөлүгүнө расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин сунушун карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
Конституция — бул жөн гана мамлекеттин Баш мыйзамы эмес, ошондой эле коомдук бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн уюштуруучулук-ченемдик негизи. Өзүнүн табияты боюнча Конституция туруктуу болууга багытталган, анткени ал укуктук тартиптин биримдигин жана алдын ала болжолдуулугун камсыз кылат. Ошол эле учурда ал коомдук турмуштун объективдүү өзгөрүүлөрүнө жооп берүүгө жана жаңы чакырыктарга жооп катары бийликтин уюштуруу механизмдерин анын түпкү башатын бузбастан оңдоого жөндөмдүү жандуу документ катары сапатын жоготпойт.
Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин жападан-жалгыз булагы катары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүктү берип, коомдук бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган.
Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден башкасына өтүү объективдүү жол берилген көрүнүш болуп саналат. Ошону менен бирге конституциялык трансформацияга жол берүү фактысынын өзү анын юридикалык тактыгына карата талапты жокко чыгарбайт. Башкысы Конституциянын текстин өзгөртүү эмес, бир ченемдик конструкциядан экинчисине өтүү ыкмасы жана логикасы саналат. Укуктук режимдин анык эместиги менен коштолгон конституциялык ажырым элдик бийликтин легитимдүүлүгүн солгундатып, анын туруктуулугуна шек келтирип, карама-каршылыктарды туудуруп, укуктук аныктык принцибин бузушу мүмкүн. Тиешелүү түрдө, конституциялык багыттар алмашкан учурда укуктук улантуучулукту камсыз кылуу негизги милдет болуп саналат.
Ушуга байланыштуу өткөөл мезгилди ченемдик жактан тариздөө өзгөчө мааниге ээ болот, анткени дал ушул учурда конституциялык укуктук тартип өтө аялуу абалда болот. Өткөөл жоболор конституциялык реформа мезгилинде турбуленттүүлүктү азайтууга багытталган материалдык жана жол-жоболук кепилдиктердин комплексин ишке киргизүүчү өзгөчө укуктук турукташтыргыч функциясын аткарышат.
Дал ушундай өз ара байланышкан кепилдиктердин системасы аркылуу өткөөлдүн башкарылуусу, коомдук бийликтин функционалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү камсыздалат.
Демек, өткөөл жоболордун мааниси алардын Конституцияны өзгөртүүнүн потенциалдуу кризистик фазасын юридикалык жактан уюшулган процесске трансформациялоодо турат, анын алкагында Конституцияны жаңылоо коомдук бийликтин легитимдүүлүгүнө доо кетирбестен, укуктук жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратпастан жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жоготпостон жүргүзүлөт.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгы боюнча киргизилген конституциялык модель ыйгарым укуктарды институционалдык кайра бөлүштүрүү жана коомдук бийликтин конфигурациясын өзгөртүү менен гана чектелбестен, ошондой эле жогорку мамлекеттик кызматты — Кыргыз Республикасынын президентинин кызматын жүзөгө ашыруунун укуктук режимине да таасирин тийгизди.
2021-жылдагы жаңы редакциядагы Конституциянын 67-беренесинде президенттик бийликти уюштуруунун башка параметрлери бекитилип, анда ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү жана кызмат ордунда эки мөөнөттөн ашык шайлана албай тургандыгы белгиленген.
2010-жылдагы Конституциянын мурдагы редакциясында жөнгө салуу башкача логика боюнча түзүлгөн (61-берене): анда президент алты жылдык мөөнөткө шайланган, ошол эле учурда бир эле адам эки жолу шайлана албай тургандыгы белгиленген. Мындай конструкция иш жүзүндө президенттик ыйгарым укуктарды бир эле жолку жүзөгө ашырууну жана мандаттын башка узактыгын болжолдогон.
Натыйжада, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун убакыттык параметрлери гана өзгөрүлбөстөн, президенттик мандатты чектөөгө карата ченемдик ыкма — алты жылдык бир жолку мөөнөт моделинен белгиленген конституциялык чектөөнүн чегинде кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдык мөөнөт моделине өзгөргөн.
Бул өзгөрүүлөр жаңы конституциялык моделди колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын учурдагы президенти Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге туура келгендигине байланыштуу түздөн-түз практикалык-укуктук мааниге ээ болду.
Алсак, Кыргыз Республикасынын президенти 2010-жылдагы Конституцияга ылайык шайланып, алты жылдык мөөнөткө 2021-жылдын 28-январында кызматка киришкен. Тиешелүү түрдө, 2021-жылдагы Конституция күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын президенти өз ыйгарым укуктарын коомдук бийликтин жаңы конституциялык архитектурасынын алкагында улантып келди.
Бирок Кыргыз Республикасынын президенти шайланган күндөн беш жыл өткөндөн кийин коомдук жана эксперттик чөйрөдө анын ыйгарым укуктарынын узактыгы жөнүндөгү маселеге карата ар кандай пикирлер белгилене баштады. Бул талкуунун мазмуну 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген президенттик ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституция колдонулган мезгилде белгиленген президенттик мандатка жайылтылабы же бул мандаттын мөөнөтүнүн узактыгы баштапкы белгиленген көлөмдө сакталабы деген маселени аныктоого келип такалат.
Баарынан мурда, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун шайлоо мандаты эгемендиктин ээси болгон эл тарабынан өзүнүн уюштуруучулук бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруунун натыйжасы болуп саналарын, ал туруктуу коомдук-укуктук абалга алып келерин жана аяктаган юридикалык факт катары пайда болорун негизге алат.
Шайлоого катышуу менен эл жогорку ишеним берүү актысын ишке ашырат: ал өз чечиминин толук аткарылышына ишенип, бийликти белгилүү бир мөөнөткө өткөрүп берет. Добуш берүүнүн маңызы жеке адамды тандоодо гана эмес, ошондой эле алдын ала жарыяланган жана баарына түшүнүктүү болгон мандаттын негизги параметрлерин аныктоодо — ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүндө жана тартибинде турат.
Конституциялык-укуктук мааниде мандаттын юридикалык жактан таризделиши Кыргыз Республикасынын элине ант берүү аркылуу кызматка киришүү менен аяктайт. Көрсөтүлгөн учурдан тартып мандат ошол учурда колдонуудагы конституциялык тартиптин алкагында эл тарабынан берилген баштапкы параметрлерде милдеттүү түрдө таанылууга жана сакталууга тийиш.
Конституциялык кайра куруу шарттарында конституциялык ченемдердин убакыт аралык колдонулушу (интертемпоралдуулук) мамлекеттик бийликтин үзгүлтүксүздүгүн, укуктук тартиптин болжолдуулугун жана өткөөл мезгилде мамлекеттик институттардын мыйзамдуулугун сактоону камсыз кылуучу юридикалык механизм катары негизги мааниге ээ болот. Конституциялык өлчөмдөгү интертемпоралдуулук кепилдик берүүчү функцияны аткаруу менен жаңы Конституция мурдагы конституциялык эрежелер боюнча түзүлгөн эл менен бийликтин ортосундагы мурда келип чыккан жана юридикалык жактан жол-жоболоштурулган мамлекеттик-укуктук мамилелерге ретроактивдүү кийлигишпеши керек дегенди билдирет. Конституциялык өткөөл уланмалуулуктун инструментинен мурда болгон юридикалык фактылардын натыйжаларын баасыздандыруу инструментине айланбашы керек.
Жогоруда баяндалгандардан улам 2021-жылдагы Конституцияга негизделген Кыргыз Республикасынын президентинин учурдагы мандатынын жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга алып келүүчү чечмелөө арткы күн менен «оюн эрежелерин» ретроактивдүү түрдө өзгөртүүнү билдирет, бул укуктук аныктыктын талаптарына жана жогорку мамлекеттик бийликти түзүүнүн конституциялык механизми катары шайлоонун легитимдүүлүгүнө шайкеш келбейт.
Көрсөтүлгөн интертемпоралдык тыюу салуунун ретроактивдүү кыскартууга жол бербөө талабы 2021-жылдагы Конституцияны колдонууга киргизүүдө белгиленген өткөөл жөнгө салууда түздөн-түз ченемдик ырастоону алат. Алсак, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө 2021-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган президент 2021-жылдагы Конституцияга ылайык өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантаары так белгиленген, мында бул алты жылдык мөөнөт мөөнөттөрдүн саны боюнча жаңы конституциялык чектөөнүн алкагында биринчи мөөнөт катары эсептелет.
Муну менен мыйзамдын жогоруда белгиленген ченеми бир эле учурда 2021-жылдагы Конституциянын ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну улантууга карата колдонулушунун жана эки мөөнөт жөнүндө жаңы конституциялык эреженин алкагында алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсептөө маселелерин чечет.
Мында мөөнөттү эсептөө бөлүгүндө Конституциялык сот 2021-жылдагы Конституция боюнча алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсепке алуу учурдагы мандаттын укуктук классификациясынын гана маанисине ээ экенин жана анын баштапкы параметрлерине, анын ичинде учурдагы мөөнөттүн узактыгына жана анын аяктоо учуруна таасир этпей турганын белгилейт. Демек, «эсептөө» мөөнөттү кайра эсептөөгө же аны кандайдыр бир кыскартууга алып келбейт жана алып келе албайт; ал «эки мөөнөттөн ашык эмес» эрежесин колдонуу үчүн гана кызмат кылат. Башкача чечмелөө юридикалык жактан жол берилбейт, анткени ал «эсептөө» деген түр менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ретроактивдүү кыскарышына, муну менен мандаттын аяктоо күнүнүн мыйзамсыз өзгөрүшүнө алып келет.
Ошентип, 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу учурунда башталган президенттик мандатка жайылтылбайт: башталган мөөнөт баштапкы белгиленген узактыкта — алты жылда аякташы керек. Ошол эле учурда учурдагы президент өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантууда, ал эми анын алты жылдык мөөнөтү «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эки мөөнөт жөнүндөгү эреже боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет.
Конституциялык сот жогоруда аталган мыйзамда камтылган өткөөл жоболор Конституциянын негизги тексти менен бирдей юридикалык статуска ээ экенин белгилейт. Бул алардын Конституция менен бир убакта бир эле уюштуруучу акт менен — референдумдун жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынгандыгы менен байланыштуу. Өткөөл жоболор Конституция менен органикалык түрдө бириктирилген жана бирдей жогорку юридикалык күчкө ээ. Демек, өткөөл жоболорду караган мыйзам кадимки мыйзам менен бирдей негизде каралышы мүмкүн эмес.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор бөлүгүндө Конституциялык сот президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча коомдук талкуулардын болушу мөөнөтүнөн мурда шайлоо циклинин конституциялык негиздерин түзбөй турганын же алмаштырбай турганын баса белгилейт.
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мандатты түзөтүү ыкмасы болуп саналбайт, ал 2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1-бөлүгүндө (мурунку режимде — 2010-жылдагы Конституциянын 66-беренесинин 1-бөлүгүндө) толук тизмектелген негиздер: арызы боюнча кызматынан кеткенде, белгиленген тартипте кызматтан четтетилгенде, оорусуна байланыштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда гана мүмкүн.
Бул негиздердин тизмеси жабык, ар кандай кеңейтилген чечмелөө Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды токтотуунун негиздерин киргизүүнү билдирет жана конституциялык эмес болуп саналат.
Мындай негиздер жок болгон учурда мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сценарийи юридикалык жактан жол берилбейт, кезектеги шайлоо циклинин режими колдонулат.
Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоосу «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-главасына ылайык 2027-жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январында) өткөрүлөт жана аларды дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен (2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирилбестен) жүргүзүлүүгө тийиш.


