10:21, 18 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Чүй облусунда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы октябрда Жайыл районунда өткөрүлгөн рейдде браконьерлик менен алектенген жана курал-жарактарына документи жок жарандар кармалган.
Бул факт мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн алкагында алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, сунушталган карабиндер «ТОЗ-16» жана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү бир ок атуучу мергенчиликке арналган сайлуу ок атуучу курал болуп саналат.
2026-жылы 2-февралда аталган факты боюнча «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр 1988-жылы туулган М.М. жана К.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.