Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги жаңы депутатка мандат тапшырды. Мындай чечим бүгүн, 18-февралдагы жыйында кабыл алды.
Маалыматка ылайык, БШК Эльдар Сулаймановдун мандатынан ажыратылгандан кийин Абдуллаев Азизбек Ашимжановичке № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Ал 37 жашта жана 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2010-жылы Ош облусунун кайгуул кызматында баштаган. 2015-жылдан 2016-жылга чейин Араван райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор болуп иштеген, андан кийин жашы жете электер иштери боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
Азизбек Абдуллаев 2025-жылдын 30-ноябрындагы парламенттик шайлоодо № 5 көп мандаттуу шайлоо округда добуштардын 7,35 пайызын алган.


