Республикалык олимпиаданын II этабында 21 миңден ашык мектеп окуучусу катышты
11:24, 18 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Республикалык олимпиаданын экинчи (райондук) этабына 21 миңден ашык мектеп окуучусу катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, II этапка республика боюнча жалпы 21 844 окуучу катышып, анын ичинен 1 606 окуучу олимпиаданын III (облустук/шаардык) этабына өттү.
Аймактар боюнча III этапка өткөндөрдүн жалпы көрсөткүчү:
- Бишкек шаары — 2807 окуучу катышып, 146сы;
- Ош шаары — 148 окуучу катышып, 34ү;
- Ысык-Көл облусу — 2 545 окуучу катышып, 189у;
- Ош облусу — 2418 окуучу катышып, 230у;
- Нарын облусу — 2090 окуучу катышып, 115и;
- Талас облусу — 1221 окуучу катышып, 124ү;
- Баткен облусу — 1487 окуучу катышып, 181и;
- Чүй облусу — 3737 окуучу катышып, 272си;
- Жалал-Абад облусу — 5391 окуучу катышып, 315и.
Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлдү:
- англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.