12:05
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Муфтият 2026-жылга битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл ар бир адам үчүн битир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди:

  • 1,6 килограмм буудай — 60 сом
  • 1,6 килограмм мейиз — 880 сом
  • 1,6 килограмм ун — 90 сом
  • 3,2 килограмм арпа — 100 сом
  • 1,6 килограмм курма — 1 200 сом
Белгилүү болгондой, битир-садака аталган азыктардын наркына жараша акчалай түрдө да берилсе болот.

Муфтияттан билдиришкендей, азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан, битир-садака берүүдө алардын салмагына карап эсептөө сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар