Жанар Акаев парламенттен кеткенден кийин Жогорку Кеңештин № 8 шайлоо округундагы мандат шайлоодо дээрлик 9 миң добуш (6,18 пайыз) алган Таалайбек Сарыбашовго берилиши мүмкүн.
Сарыбашов 1971-жылы 11-сентябрда Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Ал 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми 2018-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Ошондой эле, бир убакытка чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2021-жылы ал VII чакырылыштагы парламентке шайланган.
Эскерте кетсек, 18-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.


