ЖРТга каттоо башталды: Быйыл кабыл алуу босоголору көтөрүлбөйт

12:05, 19 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу босоголору өткөн жылдагы деңгээлде калат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга каттоо 18-февралда башталган, ал 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, 2025-жылы босого төмөнкүчө белгиленген:

  • Негизги тест — 110 балл;
  • Предметтик тесттер — 60 балл.

Ошондой эле айрым багыттар боюнча босого балл төмөндөгүдөй бекитилген:

  • Педагогикалык билим берүү багыттары боюнча гранттык негизде тест боюнча — 130 балл, ал эми акы төлөнүүчү формаларына — 115 балл;
  • Саламаттык сактоо багыттары боюнча гранттык негизде — 120 балл, ал эми акы төлөнүүчү формаларына — 110 балл;
  • Айыл чарба жана айыл чарба илимдери боюнча адистиктерге — гранттык жана акы төлөнүүчү формаларына негизги тест боюнча — 100 балл;

Дурус Козуев кошумча медициналык кароодон жана кошумча тесттерден өткөн абитуриенттер ИИМдин Академиясына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна кабыл алуу боюнча сынакка катышууга укуктуу экенин кошумчалады.

Абитуриенттердин категориялары мурдагыдай эле төмөнкүлөргө бөлүнөт:

  • Бишкектеги мектеп бүтүрүүчүлөрү;
  • облус борборлорунан жана чакан шаарчалардан келген мектеп бүтүрүүчүлөрү;
  • Айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү;
  • Тоолуу райондордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү.

Гранттар үчүн атайын квоталар каралган, анын ичинде жетим балдар, этникалык кыргыздар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана башкалар үчүн.