12:23, 19 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Убактылуу ырахаттардан баш тартып, түбөлүк жыргал жашоого Алла Таала Өзү буюрган дал ушул орозо ибадаты аркылуу жетүүгө болот. Орозо кармаган момун-мусулман адам эртеден кечке чейин ибадат кылып жаткандыгын жана напси менен күрөшүп жаткандыгын билиши керек.
Орозо бизди сынак жашоодо адамга эң керектүү «чечкиндүүлүк, сабырдуулук, туруктуулук, эрктүүлүк, топуктуулук, шүгүрчүлүк, кайратмандык, напсинин азгырыгына алданбоо» сыяктуу касиеттерге тарбиялайт. Орозо — напсинин жеп — ичүүдөн, кумардан ары өтпөгөн түгүнбөс каалоолоруна каршы адамдын адамдык касиетин, ар-намысын, кадыр-баркын сактай турган улуу ибадат.
Орозо адамды ач калтырып, жыныстык канташтан алыс кармоо менен Жараткан Алланын чексиз жакшылыктарын кадыр — баркын сездирет. Ошону менен бирге, кедей — кембагалдардын ал-абалын эске салып, аларга камкор мамиле жасоого шыктандырат. Шүгүр келтиргенди үйрөтөт. Орозо бул жагынан коомдук жашоодогу көрө албастык, ичи тарлык, өчөшүү, кастык, душмадык сыяктуу терс сапаттардын алдын алуучу эң таасирлүү ибадат. Орозо жеке эле бизге эмес, бизден мурун жашап өткөн коомдорго да парз кылынган.
«Эй, ыйман келтиргендер! Орозо мурдагы коомдорго парз кылынгандай, Алладан коркушуңар үчүн силерге да парз кылынды». (Бакара сүрөсү, 183 — аят).
Исламда парз болуп эсептелген ибадаттардын ар бири жүрөктөгү ар кандай рухий илдеттерге өз-өзүнчө дары сыяктуу. Напсинин түгөнбөгөн каалоолору, дүйнөнүн миң кубулма кооздуктары, көңүл ачуунун ар кандай ыплас түрлөрү руханий жана заттык ооруларды пайда кылат. Ал үчүн алдын алуу жана сактануу зарыл. Коргонуунун эң таасирлүүсү орозо болуп эсептелет. Пенде үчүн эмне пайдалуу, эмне зыяндуу экенин эң жакшы билген Алла Таала орозону Өзү буюрган.
Чынында эле орозо шыпаалыгы жагынан жана дүйнөдөгү жана организимдеги көптөгөн оорулар үчүн эң мыкты дармек. Ошол себептен, ал Курандын тили менен айтканда, «саналуу гана күндөрдө» кармалат. Анткени, дары дайыма колдонулса, ден — соолук ага көнүп калат да, эч кандай пайдасы болбойт. «Мен мындан кийинки өмүрүмдүн акырына чейин орозо кармап өтөм!» — деген сахабасына Пайгамбарыбыз ушул себептен:
Бүт өмүрүң орозо кармоо менен өткөргөн адамдын орозосу болбойт! — деп, үч жолу кайталаган. (Бухари, Саум, 55-57) .
Отуз күндөн аз кармалган орозо таасирсиз боло тургандыгын, ал эми кырк күндөн ашыкчасы көнүмүш адатка айланып, анык толук пайдасы болбой тургандыгын дарыгерлер да аныкташкан.
Орозо адамды белгилүү убакыт аралыгында жеп-ичүүдөн тыйылуу аркылуу эрктүүлүккө үйрөтөт. Ошондой эле, тамаксоолуктун кесепетинен пайда боло турган оорулардын алдын алат. Организмдеги бир жыл бою аралыксыз иштеген тамак сиңирүү системасы орозодо бир ай эс алат жана бул мезгилде семиз адамдар салмак ташташат.
Жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, ал тургай жансыз сыяктуу көрүнгөн нерселерге назар салганыбызда, алар да белгилүү мөөнөт аралыгында өздөрүнчө «орозо» кармагандыгын байкоого болот:
Биологиялык изилдөөлөр жырткыч жаныбарлар кар жааган кезде курсактарын тойгузуу үчүн эч нерсе таба алышпагандыгын көрсөткөн. Мунун натыйжасында бул жаныбарлар кышкысын уктап, жазга чейин орозо кармагандай болушат.
Бак — дарактар да ушундай. Кышкысын жалбырактарын күбүп уйкуга киришет. Жаз келип, муздар ээригенге чейин тамырына бир тамчы суу жетпейт. Жер жылый баштагандан тарта ооз ачкансып, кадимкидей жанданып, бүчүр байлайт.
Акыркы учурларда медицинада колдонула баштаган дарылоонун жаңы ыкмасы — өтүшүп кеткен (хроникалык) оорулар адамдын абалына жараша узун же кыска мөөнөттүү орозолор менен дарыланып келет.
Орозонун белгилүү бир айда кармалышы мусулмандардын биримдигин, ынтымагын жана тынчтыгын сактоо өңүтүнөн өзгөчө мааниге ээ. Жамаатташа жапатырмак жасалган иштер оңой болорун жакшы билебиз. Анын сыңарындай, куттуу Рамазан айында момун-мусулмандар жарык маанай менен жапатырмак орозо кармашат. Саналуу гана күндөр үчүн парз кылынган орозо саналуу гана күндөрдөн турган өмүрүбүздүн көркүнө көрк кошот.
Куттуу Рамазан айынын, мындан сырткары, жылдын бардык мезгилдерин басып өтүшүнүн да өзүнчө сыры бар. Ырас, Рамазан айы жылдын төрт мезгилиндеги ысык-суук, салкын — жылуу жана узун- кыска күндөрдүн баарына кезек-кезеги менен туш келет. Ошентип, орозо белгилүү убакыт аралыгында ырахаты жылдан бардык күндөрүн өзгөчө береке-кутка бөлөйт. Бул жагдай орозо кармагандар үчүн да зор мааниге ээ. Чыныгы мусулмандар мындан сөз менен түшүндүрүп бере алгыс руханий ырахат алышат жана жылдын төрт мезгилинде орозо кармоо менен Алла Тааланын буйругуна ар дайым даяр экендигин далилдешет.
Алла Таала Рамазан айы жана орозо жөнүндө мындай дейт:
«Рамазан айы — адамдарга туура жолду көрсөтүүчү жана ушул туура жолдун, жакшы менен жаманды ажырата билүүнүн ачык — айкын далилдери катары Куран түшүрүлгөн ай. Кимиңер ушул айга күбө болсоңор, (ошонуңар), орозо кармасын! Силердин ким (бул айда) ооруп калып, же сапарга чыкса, кармабай калган орозолорун башка күндөрдө кармасын! Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы даңктагыла! Мүмкүн шүгүр келтирээрсиңер». (Бакара сүрөсү, 185 — аят).
Алла Таала орозону Ыйык Курандын түшүрүлүүсүнө шүгүр келтирүү үчүн кармообузду талап кылгандай маани жатат бул аятта. Ал пенделерине ар дайым жеңилдикти гана каалагандыктан, орозону да жеңилдетип койгон. Алла Таала пенделерин эч качан оор абалда калтырган эмес. Аяттын акыркы бөлүгүндө орозодон алына турган сабакка көңүл бурулган. Тагыраак айтканда, адам баласы орозо кармоо аркылуу Алла Тааланын чексиз кудуретин жана эсепсиз жакшылыгын түшүнүп, Ага эң жогорку деңгээлде шүгүр келтиргенди үйрөнөт.
Айтор, орозонун өзөк маани — маңызы жеп-ичүүдөн тыйылуу, утурумдук дүйнөнүн азгырыктарынан алыс болуу жана жүрөктү Алла Тааладан башка бүт нерседен тазалоо, эң жогорку руханий деңгээлге көтөрүлүү.