13:42, 19 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Марат Тагаев өлкө аймагында TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө маалыматтык чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана изилдөө борбору жоюлган. Ошондой эле, Маданият министрлигинде да, жалпы өлкөдө да маалыматтык платформалар жана социалдык тармактар менен иш алып бара турган орган жок.
Бүгүнкү күндө TikTok социалдык тармагы Кыргызстанда бөгөттөлгөнүнө карабастан, чындыгында биздин жаштар жана жалпы жарандар бул платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат.
Биз министрликтин TikTok социалдык тармагын бөгөттөн чыгаруу боюнча сунушун карап чыгууну өтүнөбүз
Марат Тагаев
Ал платформага кирүүнү чектөө жаштар аудиториясына, чыгармачыл индустриялардын өкүлдөрүнө жана TikTok тармагын илгерилетүү жана акча табуу куралы катары колдонгон чакан бизнеске олуттуу таасир эткендигин кошумчалады.