Ош мэринин үчүнчү орун басары кызматтан кетти

16:06, 19 февраля 2026, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Жунусбаев бул кызматка 2021-жылдын 6-сентябрында келген.

Фото Интернеттен алынды

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэринин эки орун басары кызматынан бошотулган.