01:46
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Бишкекте окуучулардын массалык мушташы: жаракат алгандар бар, иш козголду

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуучулардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кабар түшөрү менен жерине укук коргоо кызматкерлери барып, чыр-чатакты токтоткон. Мушташка катышкан айрым окуучулар «Тез жардам» кызматы менен ооруканаларга текшерүүгө жеткирилген.

Ал эми айрымдары ата-энелери менен биргеликте тергөөгө камсыздалды.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар