13:09
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Ошто УКТ тобунан 4 килограммдан ашык баңгизат, граната жана курал-жарак алынды

Ош шаарында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири көлөмдө Ооганстандан чыккан баңгизаттарды тараткан уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюшту.

Атайын операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1995-жылы туулган С.О.Б. аттуу жарандын «Дэу Нексия» унаасын тинтип, 101 грамм гашиш жана 155 миң сом табышкан.

Андан кийин 1989-жылы туулган Д.С.С. аттуу шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кызматтык иттин жардамы менен 4 кг 600 грамм гашиш, эки даана РГД-5 гранатасы, колго жасалган ок атуучу курал, 51 ок жана 2 миң доллар, 87 миң сом табылган.

Мындан соң кылмыштуу топтун башчысы катары 1982-жылы туулган К.С.С. аныкталып, ал буга чейин баңгилик кылмыштары үчүн чет мамлекеттерде бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болду. Анын үйүнөн да баңгизат табылды.

Аталган факты боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар