13:27, 29 мая 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА
«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистерге жакшы айлык акы коюлат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Ал «24-kg.com» МАсынын долбоордун каржылоо булактары боюнча суроосуна «бул биздин маселе» деп жооп берди.
Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсүндө, долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук-ченем актылары дагы даяр болду. Эки мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, экөөнө керектүү өзгөртүү киргизилди.