08:57
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ардагерге кымбат ресивер саткан соцкызматкер акчасынын бир бөлүгүн кайтарды

Ардагерге жогору баага ресивер сатып берген соцкызматкер акчасынын бир бөлүгүн кайтарып берди. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине «Ардагерлер 365» фондунан маалымдашты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аксакал тургунуна 3 миң сомго ресивер сатып келип, аны орноткону үчүн кошумча дагы 450 сом алышкан.

«Чындыгында 3 миң сомдук ресивер жок. Биз согуш ардагерлерине 610 сомго орнотуп жатабыз», — дешти фонддон.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Лариса Губина, ардагерге ресивердин акчасын кайтарып беришкендигин маалымдады. Бирок, 1,5 миң сомун гана кайтарышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар