Жогорку Кенештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун иши Биринчи май райондун сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине анын жактоочусу Бактыбек Асамидинов билдирди.
Анын айтымында, 14 күндүн ичинде сот алгачкы отурумунун күнүн белгилеп, ишти кароону башташы керек.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 26-мартта кармалган. Ага каршы Кылмыш Кодексинин «Барымтага алуу», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» беренелери менен иш козголгон.