17:02
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Игорь Чудинов ага эмне себептен иш козголуп жатканын түшүнбөйт

Игорь Чудинов ага эмне себептен иш козголуп жатканын түшүнбөйт. Бул тууралуу ал «24-kg.com» агентигине билдирди.

«Мени эч ким, эч жакка чакырган жок. Бул маалыматты менен ЖМКдан уктум. Андыктан себебин билбегендиктен, комментарий да бере албайм» — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Башкы прокуратура Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго иш козгогондугу маалым болду. Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын эки депутаты 2009–2015-жылдары «Машинасыноочустанция» АККсынын 200 миллион өлчөмүндөгү бюджеттик ссудасын максатсыз колдонгондугуна айыпталууда. Ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар