Жалал-Абад шаарындагы 280 бала балдар үйүндө тарбияланат

17:06, 01 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Суйунбек ШАМШИЕВ

Жалал-Абад шаарындагы 280 бала балдар үйүндө тарбияланат. Бул «24-kg.com» маалымат агентигине облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматында, балдар үйүнөн сырткары жети мектеп-интернет бар. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим жана майып балдар болуп, 1 миң 375 бала жашайт.