09:24, 05 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД
Беш ай ичинде 25 бала сууга чөгүп кеткен. Алардын жарымы 10 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу «24-kg.com» маалыматтын агентигине ИИМдин Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынан билдирди.
ИИМ ата-энелерди бул мезгилде балдарын өз алдынча сууга түшүүгө жөнөтпөөнү суранып, алдын-ала көлмөлөргө чөмүлүү эрежелерин жана коопсуздук чараларын үйрөтүү кеңешин беришет.