Бишкекте 4 миңден ашык үйдүн электр жарыгы өчүрүлөт

17:43, 05 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Юлия КОСТЕНКО

«Түндүкэлектро» акционердик коому Бишкектеги 4 миң 746 абоненти өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет.

Карызын төкпөгөндөрдү эртең, 6-июнда өчүрүп баштайт.

Ал эми «акылдуу» эсептегич коюлган үйлөрдөгү жарыкты ишкана автоматтык түрдө өчүрө алат. Карыз толук төлөнгөндөн кийин гана электр жарыгы берилет.