Бишкектеги катуу шамалдан Октябрь райондун акимиаттын алдындагы эки карагай жана арча кулады. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Алардын айтымында, карагайдын сөңгөгүнүн диаметри 30 сантиметр, арчаныкы андан бир аз азыраак.
Катуу шамалдан улам «Жашылдандыруу» ишканасында атайын 4 топ түзүлүп, алар шаардын ар бир районунда иш алып барып жатышат.