Чүй облусунда жоголгон балдар Өзгөндөгү чоң апасыныкынан табылды

10:45, 07 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анара МАМЫТОВА

Чүй облусунда жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган чоң апасыныкынан табылды. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине Чүй облустук маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Рамазан жана Тахмина Дүйшөнбековаларга издөө жарыялаган. 2005–2008-жылы туулган ага-карындаш бир күндө жоголгон.

ИИБнын билдирүүсүндө, балдардын кантип Ошко кетип калганы азыр такталууда. Ата-энеси балдарын алып келүүгө кетишкендиги кабарланат.