«Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов аларга таарынган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге жолугуша албай жаткандыгын билдирет. Ал бул тууралуу «24-kg.com» агентигине маалымдады.
«Кайсы макала үчүн сотко бергенин да айта албайм. Анткени бизге соттон кагаз келе элек. Мен деле ЖМКдан билдим. Өзүнө чалып да, барып да жолугуша албай жатам», — дейт ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев гезитти «Бакыт Төрөбаев — Максим Бакиевдин долбоору» аталышындагы макала үчүн 5 миллион сомго сотко бергендиги айтылган.