11:17
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын пикиринде, Ахматбек Келдибеков соттолгондуктан ал талапкер катары катала албайт.

Жогорку сотто Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрдан тарта жоюлган болуп саналарын кабарлашты.

«Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун ага 10 миллион сомго айып салуу чечимин колдогон. Чечим 2016-жылдын 13-октябрында чыккан. Ал 2016-жылдын 8-ноябрында аткарылды», — деп түшүндүрүштү Жогорку соттон.

Ахматбек Келдибеков буга чейин эле 15-октябрга белгиленген шайлоого катышарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар