Ахматбек Келдибеков: Президенттикке ат салышуума мыйзам жол берет

16:45, 14 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Ахматбек Келдибековдун пикиринде, анын президенттик шайлоо ат салышуусуна мыйзам толук жол берет. Бул тууралуу ал жергиликтүү сайтка берген маегинде айткан.

Эскерте кетсек, Боршайком жана Жогорку сот «24-kg.com» агентигине саясатчы азырынча соттолгон болуп эсептелерин жана шайлоого катыша албастыгын билдиришкен. Жогорку соттун айтымында, Ахматбек Келдибековдун соттолгону үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында гана жоюлат.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлерди каттоо шайлоого 45 күн калганда башталат.