Ананьеводогу жарылуудан жабыркагандарга кан жана дары-дармек керек
09:55, 20 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында жарылуудан жабыркагандарга кан жана дары-дармек керек. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Саламатыкты сактоо министрлигинин облус боюнча координатору Эсенбек Сатылканов билдирди.
Анын айтымында, денесинин 80–90 пайызы күйгөндөр оор абалда. Аларга кан жана башка дары-дармектер өтө зарыл.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаардык оорууканага Бишкектен Жаракат жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистери барышкан. Жабыркагандардын абалы бир аз жакшыргандан кийин аларды ордо каалага алып келүү пландалууда.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куйуучу жайдын жаныдагы газ баллон жарылган. Эки адам жайында мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.