Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн экөө оор абалда

09:54, 27 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД

Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн экөө оор абалда. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Бишкек шаарындагы Жаракат жана ортопедия илимий-иликтөө борборунан билдиришти.

Алардын маалыматында, экөөнүн абалы өтө оор, дагы бирөө оор абалда. Дагы үчөө күйүк бөлүмүндө жатат.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнь күнү газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, экөө жайында мерт кетип, бирөө оорууканада каза тапты. Жаракат алгандардын алтоо өткөн аптанын аягында Бишкекке которулган.