10:43, 28 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
Россиянын федералдык жыйынынын федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «24-kg.com» маалымат агентигине Жогорку Кеңештен билдиришти.
Валентина Матвиенко июль айында келип, «Шериктештиктин балдары» аттуу КМШ мамлекеттеринин эл аралык форумуна катышат. Иш чара 3-6-июлда Ысык-Көлдө өтөт.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Владимир Володиндин расмий сапары өтүп жатат.