Ош шаарында алты жашар кыз Ак-Буурага агып кетти

14:23, 28 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Ош шаарында алты жашар кыз Ак-Буурага агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

27-июнь күнү кечке жуук 2011-жылы туулган кыз дарыяга түшүп кеткен. Издөө иштери уланууда.

Ошол эле күнү Жапалак айылынындагы Араван каналына аял агып кеткен. Аялды сөөгү кечээ табылган.