12:22, 29 июня 2017, Бишкек - 24-kg.com , Анастасия БЕНГАРД
Бишкек шаарындагы мурдакы «Нарын» ресторанынын жер тилкеси сатыкка коюлду. Бул тууралуу жарыя кыймылсыз мүлк агентигинин интернет баракчасына жайгаштырылган.
«24-kg.com» агентигинин маалыматында, жер 5, 5 миллион долларга сатылат.
Кыймылсыз мүлк агентигинин өкүлү жер тилкесинин наркы эки эсеге арзандаганын билдирди.
Ал ресторанга байланыштуу соттук териштирүү кожоюндун пайдасына жыйынтыкталып калгандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, ресторандын имараты канча жылдан бери бош жатат. Жакында мэрия кожоюнга айланасын тостурткан. Имарат бузулуп, ордуна соода түйүнү, же мейманкана курулары маалымдалган.